Англия Премьер-лигасынын 17-турдук оюнунун алкагында "Ливерпуль" футболдук клубу конокто "Тоттенхэмди" жеңип алды.
Беттеш голдорго бай болуп, 6:3 эсебинде "Ливерпулдун" жеңиши менен аяктады. Жеңүүчүлөрдүн голдорун Луис Диас (23 жана 85-мүнөттө), Алексис МакАллистер (36), Доминик Собослай (45+1) жана Мохамед Салах (54 жана 61) киргизишти. Ал эми "Тоттенхэмден" Жеймс Мэддисон (41), Деян Кулусевски (72) жана Доминик Соланке (83) гол жаратты.
Муну менен "Ливерпуль" футболдук клубу 16 оюндан кийин 39 упай топтоп, Премьер-лигадагы лидерлигин бекемдеди. "Тоттенхэм" 17 оюндан кийин 23 упай менен турнирдик таблицада 11-орунга жайгашты.