Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, бүгүн, 23-декабрда эртең менен чыккан өрт саат 09:03тө чектөөгө алынды. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала каза болду.
ӨКМ буга чейин айтылган даректе чыккан өрттү өчүүрү үчүн куткаруучулар иштеп жатканын кабарлаган болчу.