Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-декабрда Фрунзе айылындагы турак үйдөн 27 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүү менен маркум спирт ичимдиктерин бирге ичип отурушуп, чырдаша кетишкени, жаңжалдан маркум денесинен жаракат алып, каза болгону аныкталган.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.