Кантта Volkswagen Golf унаасы тайгактан улам КамАЗды сүзүп, ичиндеги 2 адам каза болду

Кант–Интернационал унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Чүй облустук жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда болжол менен саат 11:50 чамасында түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан Volkswagen Golf III унаасы карама-каршы тилкедеги КамАЗ-53212 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыкка жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калганы себеп болгон.

Окуя болгон жерде Volkswagen Golf III унаасындагы 46 жана 23 жаштагы жүргүнчүлөр каза болушкан. Айдоочусу Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Облустук Кайгуул кызматы жеңил унаанын дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге жараксыз болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан