Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн төмөндөгү спортчулар жана машыктыруучулар сыйланды.
III даражадагы “Манас” ордени менен:
- Мунарбек Сейитбек уулу – бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
“Даңк” ордени менен:
- Раатбек Мамбетов – Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин машыктыруучусу;
- Беганас Султанбаев – Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин бокс бөлүмчөсүнүн машыктыруучусу;
- Данияр Төлөгөн уулу – бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
“Даңк” медалы менен:
- Хаким Махмудов – Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу;
“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы:
- Садыр Мамытов – Улуттук олимпиада комитетинин президенти;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
- Элза Абдыкадырова – мас-рестлинг боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Баяман Абидинов – алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Кубанычбек Айбек уулу – дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Элдос Айтбаев – мас-рестлинг боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Бекзат Алмаз уулу – эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Канат Аманкулов – Жеңил атлетика федерациясынын президенти;
- Айболот Аманов – ашыртмалы аба күрөшү (түрк күрөшү) боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Марат Аскарбеков – Улуттук олимпиада комитетинин спорт боюнча директору;
- Келдибек Атайбек уулу – мас-рестлинг боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Ислам Бердибек уулу – эр эңиш оюну боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Кайыркүл Иманкулова – Дене тарбия жана спорт департаментинин башкы бухгалтери;
- Улукбек Кыдыев – Спорттук-реабилитациялык борбордун массажисти;
- Айаал Лазарев – эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Назия Майлибашева – мас-рестлинг боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Бахтияр Мирлан уулу – ашыртмалы аба күрөшү (түрк күрөшү) боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Елизавета Печерских – сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Бактыгул Райхан уулу – “Эр эңиш” оюну боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Роман Сапаров – ашыртмалы аба күрөшү (түрк күрөшү) боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Нагира Сарбашова – алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Сардана Трофимова – жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Манас Үсөнов – татар күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Эрлан Шеров – дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;
- Ордо оюну спорт федерациясы.