АКШда президенттик шайлоону жеңип чыккан Дональд Трамп кызматына киришери менен трансгендердик саясатты токтотууга убада берди. Бул тууралуу ал Аризона штатынын Феникс шаарында өткөн иш-чарада билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен балдарды жыныстык жактан оорулуу кылууну токтотуу боюнча жарлыкка кол коём. Армиядагы, башталгыч, орто жана жогорку билим берүү жайлардагы трансгендердик саясаттан баш тартам. Менин саясатымда эки гана гендер болот – эркектер жана аялдар", - деген Трамп.
Ошондой эле ал эркектерди аялдардын спортуна катыштырбоого убада берип, АКШ өкмөтү расмий түрдө эки гана жынысты, тагыраагы, эркек менен аялды гана тааный турганын кошумчалаган.
Буга чейин The Times басылмасы Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, Трамп бардык трансгендерлерди аскер кызматтарынан бошотуу жана аларга аскер кызматын өтөөгө тыюу салган мыйзамга кол коюуну пландап жатканын жазып чыккан. Анда өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү 15 миң трансгендер бошотулушу мүмкүн экени айтылат.