Кара-Балта шаарында дүкөнгө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-декабрда Жайыл райондук милициясына 35 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында белгисиз адам дүкөндүн эшигин мыйзамсыз ачып кирип, 34 миң 669 сомун уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.