Бир катар судьялар президенттен сыйлык алышат (тизме)

Бир катар судьяларга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргызстандын сот системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына төмөндөгүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи ардак наамы:

  • Күлүмжан Абдрахманова – Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы;
  • Кырккелди Кыдырбаев – Конституциялык соттун судьясы;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

  • Нурсейит Арапбаев – Жогорку соттун судьясы;
  • Кымбат Архарова – Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы;
  • Айвар Кубатов – Бишкек шаардык сотунун судьясы;
  • Дамира Орозова – Чүй облусунун административдик сотунун судьясы;
  • Жылдыз Рыскулова – Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын башкы сот приставы.

Белгилей кетсек, президент Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Бүгүн "Ынтымак ордодо" сыйлыктар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан