Бүгүн, 23-декабрда III даражадагы “Манас” ордени менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев сыйланды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ага республика боюнча ипотекалык турак үйлөрдү, “Каракол” эл аралык аэропортун курууда кошкон салымы үчүн берилгендиги айтылат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.