Бишкекте тургун милицияга таксистке чара көрүү арызы менен кайрылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 22-декабрда ал тиркеме аркылуу кызын бий ийримине жеткирүү үчүн такси чакырган. Буйрутмадан кийин анын 11 жаштагы кызын Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа келип алып кеткен. Бирок кызы кечинде үйгө кайтып келгенде таксист бараткан жеринен жолдун четине токтоп, уят видеонун үнүн катуу чыгарып көргөндүгүн айтып, мындан ары таксиге отургусу келбей калганын билдирген.
Өспүрүмдүн айтымында, телефонго бирөө чалгандан кийин таксист сапарын уланткан.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Райондук милиция тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда таксист изделип жатканын кошумчалады.