Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун жетекчилиги башкы машыктыруучу Пеп Гвардиоланы акыркы убактарда начар жыйынтык көрсөтүп жатканына карабай кызматтан алууну пландаган жок. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Манчестер шаарынын клубу акыркы 12 оюнда бир гана жеңишке жетишсе, ишемби күнү Премьер-лигада конокто "Астон Виллага" 2:1 эсебинде утулуп калган.
Учурда "Манчестер Сити" 17 оюндан кийин 27 упайы менен Англиянын Премьер-лигасынын таблицасында 7-орунда келе жатат.
Буга карабастан клуб Гвардиолага ишеним көрсөтүп, алдыдагы оюндарда ийгилик жаратарына ишенүүдө. Мындан улам клубдун жетекчилиги аны менен болгон келишимди жокко чыгарбайт.
Ноябрда Пеп Гвардиола "Манчестер Сити" клубу менен келишимин эки жылга узарткан. Ал 2016-жылдан бери "Манчестер Ситини" жетектеп келет жана команда менен 18 кубок утуп алган.