Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 24-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8 ... -13, күндүз -1 ... +4;
Талас облусунда түнкүсүн -6 ... -8, күндүз +2 ... +4;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -6 ... -8, күндүз +4 ... +6;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -8 ... -10, күндүз +3 ... +5;
Нарында түнкүсүн -19 ... -21, күндүз -5 ... -7 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн -8 ... -10, күндүз +2 ... +4 градус болот.