Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев коңшу Казакстандын Тараз шаарында Динмухаммед Кунаевдин элесине арналган эл аралык мелдеште алтын байге утту.

70 килограммга чейинки салмакта финалга чыккан Эрназар Акматалиев финалда тажикстандык Мустафо Ахмедов аттуу балбан менен кез келип, акыркы 40 секунддун ичинде жеңишти илип кетти.

Дал ушул турнирде Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашына беттеш бүтөрүнө 45 секунд калганда 8:0 эсебинде утулуп жатып, 9:8 эсебинде жеңишке жеткен.

Ошондой эле бул турнирде Алмаз Сманбеков менен Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан