Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 617 миллион долларды түздү. Бул туурасында Каржы министринин сайтында жарыяланды.
Маалымдалгандай, тышкы карыз 4 миллиард 562 миллион 34 миң долларды, ички карыз 2 миллиард 54 миллион 66 миң долларды түздү.
Белгиленгендей, 2023-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу тышкы карыз 90,3 миллион долларга азайса, ички карыз тескерисинче, 426 миллион 86 миң долларга өскөн. Жалпысынан мамлекеттик карыз 336,5 миллион долларга өскөн.