"Коррупция ойнойт". Депутат Алиев дарыканалар чиновниктерди сатып алышканын айтты

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" парламенттин 2024-жылдын 31-январындагы №1842-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтык угуу болду.

Анда депутат Медер Алиев күчтүү таасир этүүчү дарылар дагы деле тоскоолдуксуз сатылып жатканын билдирип, Саламаттыкты сактоо министрлигин тийиштүү иштерди жүргүзө албай жатат деп сынга алды.

"Он чакты маалымат каражаттары изилдөө жүргүзүштү. Жаш балдар болуп дарыканаларга киришип, "күчтүү таасир этүүчү дарыларды бергиле?" дейт, тигилер болсо сатып жатышат. Анда текшере албайбыз деп эле отура берели. Эмнеге жөнөкөй журналисттер иликтейт, а министрликтин колу-буту байланган. Прокуратуранын уруксатысыз жеке менчикти текшере албайбыз деп отурасыңар. Туура мен ал мыйзамды билем.

Бирок силерге рейд деле кылып, айып пул салганга эч ким тоскоол болгон жок да. Биз маалыматтарды билебиз, бул жакта коррупция ойнойт. Фармацевтикалык магнаттар эбак эле керектүү чиновниктерди сатып алышкан. Мен юристмин, башкаларды алдасаңар да, мени алдай албайсыңар", - деди Алиев.

Аталган токтомдун аткарылышы боюнча баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айтымында, быйылкы жылдын 11 айында ички иштер органдары тарабынан 1087 баңги кылмышы катталган, анын ичинен интернет аркылуу баңгизат каражаттарын таркатуу боюнча 144 учур аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан