Кыргызстан үч өлкөгө электр энергиясын экспорттоого план койду. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 23-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанатта президент Садыр Жапаров билдирди.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, алар Кытай, Ооганстан жана Пакистан экендиги белгилүү болгон.
"Өлкөбүздүн энергетикалык инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында “CASA -1000” долбоорунун алкагында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча көмөк чордондор жана линиялар курулуп бүттү. Ушул тапта “Тамга-Каракол” жана “Кемин-Торугарт” долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат”, - деп билдирген Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы мындан тышкары республика боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын кошумчалады.