Орусияда өзбекстандык жаран чогуу жашап жүргөн 31 жаштагы аялды өлтүргөнүн моюнуна алып, полицияга барды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 9-декабрда Санкт-Петербургда болгон. Шектүү чогуу жашап жүргөн аялды өлтүрүп, жансыз денесин чемодонга салып, үйдүн жер төлөсүнө катып койгон. Ал 10-декабрда Өзбекстанга барып, андан кийин анан окуя тууралуу полицияга билдирген.
Полиция жер төлөдөн чемоданга салынган аялдын жансыз денесин тапкан. Алдын ала маалымат боюнча, экөө урушуп кетип, аялды жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн.
Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.