Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, “Камбар- Ата 1” ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат. Жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерин куруу башталат.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат”, - деп кошумчалаган президент.
Садыр Жапаров түзүмдүк реформалар, курулуп жаткан чакан ГЭСтер, улуттук долбоорлор – энергетиктердин талыкпаган аракети артында ишке ашып жаткандыгын белгилеген.
Мамлекет башчы буга чейин ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдирген.