Алманбет Шыкмаматов транспорт салыгын жоюуну сунуштады

Бүгүн, 23-декбрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында салык кызматына жаңы дайындалган жетекчи Алмамбет Шыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюп салуу керек деген пикирин айтты.

"Транспорт салыгынан жолду оңдойлу дешкен болчу да. Бирок ал жергиликтүү бюджетке түшүп, аны акимчилик жол оңдомок беле? Башка жакка кетип калып жатпайбы. Ошондуктан күйүүчү майдын литринен бир сомдон алынса Жол фондуна түшүп, эффективдүү болот. Ошондондуктан кош салык болбошу үчүн транспорт салыгын алып салыш керек", - деди ал.

Айта кетсек, 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон алына баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан