Александр Лукашенко жетинчи жолу президенттикке талапкер болуп катталды

Беларустун президенти Александр Лукашенко кийинки шайлоодо мамлекет башчылыгына талапкер катары катталды. Мындай чечим республиканын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Лукашенкодон тышкары талапкерлердин арасында "Коммунист Беларусь" гезитинин башкы редактору Сергей Сыранков, "БелНИИПГрадостроительствонун" директору Александр Хижняк, депутат Олег Гайдукевич жана ишкер Анна Канопатская бар.

Беларуста президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январында өтөт.

Эске сала кетсек, Беларуста акыркы президенттик шайлоо 2020-жылы өткөн. Анда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Лукашенко кайрадан президент болуп шайланган.

Александр Лукашенко Беларустун биринчи жана учурдагы (1994-жылдын 20-июлунан бери кызматын аркалап келет). Ал 1994, 2001, 2006, 2010, 2015 жана 2020-жылдардагы президенттик шайлоого катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан