Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ага ылайык, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку каражат бөлүнөт.
Бир жолку төлөмдөр:
- 4-баласына – 100 миң сом;
- 5-баласына – 600 миң сом;
- 6-баласына – 800 миң сом;
- 7-баласына – 1 миллион сом;
- 8-баласына – 1 миллион 200 миң сом;
- 9-баласына – 1,5 миллион сом;
- 10унчу жана андан кийинки баласына – 2 миллион сом берилет.
Белгилей кетсек, көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында иштелип чыккан жарлык 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.