Дастан Бекешев: "Мектеп окуучулары жума намазга барып, сабакка кайтпай жатышат" (видео)

Бүгүн, 23-декабрда эл өкүлү Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мектеп окуучулары жума намазга кетип, сабакка кайтпай жатышканын айтты.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр аймактарда гана эмес, борбордо да катталууда.

"Мектеп окуучулары жума намазга чыгып кетип, кайра мектепке кайтпай жатышат. Айрыкча 7-8-класстын окуучулары. Мындай көрүнүш аймактарда эле эмес, Бишкекте да болуп жатат. Ушуну колго алсаңыздар", - деди Дастан Бекешев

23.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан