Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда депутат Улугбек Ормонов Салык кызматына жаңы дайындалган жетекчи Алмамбет Шыкмаматовдон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы жана күйүүчү майдын ар литринен бир сомдон алуу боюнча айткан пикиринен тактоо сурады.
"Алмамбет Насырканович, сиз депутаттар кол чаап, аябай жаккан сөз айттыңыз. Анан бул менин оюм дедиңиз. Министрлер кабинетинин мүчөсү өкмөттүн чечимин айтышы керекпи же жеке оюн айтса боло береби?", - деди ал.
Шыкмаматов айтылган сунуштар анын жеке пикири экенин дагы бир жолу тастыктады.
"Жеке мага "сенин оюң кандай" деди, мен жаңы келген жетекчи катары оюм ушундай дедим. Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү буга караманча каршы. Бирок мен ойлойм, алар макул болушат, анткени бул элдин талабы", - деди ал.
Бүгүнкү комитетте буга чейин Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керектигин жана күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюп салуу керектигин билдирип, бул өзүнүн жеке пикири экенин белгилеген.