Түркия Орусия менен Украинанын ортосунда кайрадан Стамбулда сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даяр

Түркияда Эрдогандын администрациясы Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кайрадан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Түркия президентинин администрациясынын алдындагы коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун Euronews телеканалына берген маегинде билдирди.

Алтундун айтымында, эки өлкөнүн ортосунда Түркия баштаган дипломатиялык процесс бул жаатта олуттуу мисал.

"Стамбул өзүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн платформасы катары көрсөттү жана эл аралык аренада кеңири таанылды. Албетте, мамлекеттердин Стамбулда кайрадан жолугушуу ыктымалдыгы бар. Бул контекстте Түркия турукташтыруучу күч катары гуманитардык маселелерде да, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн да бардык керектүү колдоону берүүгө даяр", - деп билдирди Алтун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан