Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац биринчи жолу Израил ХАМАСтын лидери Исмаил Ханияны Тегеранда өлтүргөнүн ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул тууралуу ал жергиликтүү коопсуздук кызматкерлерин эскерүү иш-чарасында билдирген. Ал жерде Кац Израилге чабуулун улантып жаткан Йемендеги хусилерди коркуткан.
"Ушул күндөрү Израилге ракета учуруп жаткан "Хуси" террордук уюмуна ачык билдирүү айткым келет. Биз ХАМАСты жеңдик, Ирандагы коргонуу системаларын жок кылдык жана өндүрүш системаларына зыян келтирдик. Сирияда Асад режимин кулаттык, эми силерге сокку урабыз.
"Биз хусилердин стратегиялык инфраструктурасына сокку урабыз жана алардын лидерлеринин Тегерандагы, Газадагы жана Ливандагы Хания, Синвар жана Насралла сыяктуу башын кыябыз", - деген ал.
Эске сала кетсек, Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания июль айынын аягында Тегеранда өлтүрүлгөн.