Ошто KFC'нин терезелерин талкалап жаткан 20 жаштагы жигит кармалды (видео)

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жайгашкан KFC коомдук тамактануучу жайдын терезелерин талкалап жаткан жеринен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга шектүү тууралуу билдирүү кечээ, 23-декабрда саат 14:00 чамаларында келип түшкөн. Аталаган аймакты тейлеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун 20 жаштагы тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилди.

Милиция ал бул ишке эмне себептен барганын ачыктаган жок.

24.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан