Хусийлер Тель-Авив менен Ашкелонго кол салганын жарыялашты

Йемендин түндүк бөлүгүн башкарган "Ансар Аллах" кыймылы (хусийлер) Тель-Авив жана Ашкелон аймактарындагы Изарилдин согуштук объектилерине кол салышты. Бул тууралуу хусийлердин куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө шилтеме кылып чет элдик басмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Ансар Аллах" эки аскердик операция ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн маалымдаган. Аскердик буталарды жок кылуу үчүн "Яффо" аттуу жаңы учкучсуз учак колдонулган.

Эске салсак, хусийлердин Израилдин Тель-Авив шаарына 19-июлга караган түнү да учкучсуз учактар менен жасаган чабуулунан бир адам набыт болуп, 10 киши жарадар болгон. Израил армиясы жардыруу аба бутасынын кулашынан улам болгонун айтып, бирок анын атып түшүрүлгөнүн ачыктаган эмес. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти йемендик кыймыл өзүнө алган болчу. Хусийлер Газа тилкесиндеги кагылыш күчөшүнө Израилди айыптап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан