Бүгүн, 24-декабрда УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык кызматтан кеткен.
Белгилей кетсек, Уларбек Шаршеев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы болуп 2017-жылы 24-декабрда дайындалган.