"Барселонанын" жылдызы машыктыруучунун айынан клубдан кетиши мүмкүн

Каталондук "Барселона" клубунун уругвайлык коргоочусу Рональд Араухо машыктыруучу менен болгон келишпестиктин айынан клубдан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Араухо жаракатынан толугу менен айыкканына карабастан, бул сезондо бир мүнөт дагы ойной элек. Көптөр аны "Атлетико" менен болгон маанилүү оюнда талаага чыгат деп күтүшкөн. Бирок машыктыруучу Ханс-Дитер Флик аны талаага чыгарган эмес.

Ар дайым өзүнүн лидерлик сапаттары менен белгилүү болгон Араухонун Флик менен келишпестиги болуп жатканы кабарланды. Мындан улам ал жакын арада клубун алмаштырышы толук мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан