Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жай ичиндеги унаа менен кошо өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:59да 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 10:12де дагы 1 бөлүм, болуп жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилсиз жоо саат 10:32де чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Министрлик кошумча маалымат берилерин айтты.