Жунглиде цивилизация менен эч кандай байланышы жок адамдар табылды

Бразилиянын токойлорунда цивилизациялуу дүйнө менен эч качан байланышта болбогон уруу табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жунгли токоюна орнотулган автоматтык камералар биринчи жолу бул уруунун өкүлдөрүн жазып алышкан. Алардын токойду аралап жүргөнү камерага түшүп калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, булар масокко уруусунун адамдары. Алар эч качан цвилизация менен байланышкан эмес. Бул урууда болжол менен 200-250 адам бар. Алардын тили, коомдук түзүлүшү жана ишенимдери табышмак бойдон калууда.

Алар көп учурда жайгашкан ордуларын алмаштырып турушат. Ошондой эле аларга жакындаган чоочундарга кол салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан