Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунда ГЭС-2 айылынын Суворов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, өрт саат 11:40та толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) башкаруу унаасы менен ыкчам топ, 1 дрон тартылганы маалыматта кошумчаланган.