Бүгүн, 24-декабрда Түркиянын Балыкесир провинциясында жардыруучу зат чыгарган заводдо жарылуу болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, каза болгондор жана жабыркагандар бар экендигин аймактын губернатору Исмаил Устаоглу билдирген.
Басылмалардын алдын ала маалыматы боюнча жардырууда 12 адам каза болгон. Алардын саны көбөйүшү мүмкүн экендиги да айтылат.