Бүгүн, 24-декабрда президенттин Иш башкармалыгынын башычысы Каныбек Туманбаев ипотекалык негизде бөлүнүп жаткан батирлер боюнча жалпы түшүнүк берди. Ал билдирүүсүн социалдык баракча аркылуу жарыялаган.
Анын айтымында, батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:
- Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталган кезектеги жарандар;
- Мигранттар, алгачкы 50 пайызын төлөө шартында үлүштүк ипотека негизинде;
- Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча (ушуну менен бул тизмедегилер бүттү). Мамлекеттик кызматкер – жаза аткаруу кызматынын жөнөкөй кызматкерлери жана мамлекет үчүн иштеп жаткан үйү жок адамдар.
Туманбаев 24-декабрга чейин жалпы 1059 батир толук кандуу даяр болуп, тизме менен берилип жаткандыгын кошумчалаган.
Ал эми даяр болгон батирлер төмөнкү багыттарга бөлүнөт:
- Жеңилдетилген - 96 батир;
- Социалдык - 15 батир;
- Арзан (доступный) - 35 батир.
Иш башкармалыктын башчысы белгилегендей, бул кезектүүлүктүн санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлдү.
Ошондой эле:
- Үлүштүк курулуш – 519 батир;
- Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме – 394 батир, жаза аткаруу кызматкерлеринин саны да бул тизмеге кошулган.
"Скрябина жана Маликов дарегинде 1059 батирлер курулган. Анын ичинен 519 батир үлүштүк ипотека менен берилди. Жалпы 1059 батирдин 49 пайызын үлүштүк ипотека түзөт. Үлүштүк ипотека биринчи кезекте мигранттарды колдоого багытталган, бирок бул категория бардык жарандарга берилбейт. Алар такыр үйү жок адамдарга гана берилет. Башкача айтканда, эгер адамдын үйү болсо же анын атына үй катталса, анда автоматтык түрдө ипотека албайт. Бул чындыкты бардык адамдар жакшы түшүнөт.
Экинчи жагынан, мигранттар 50 пайыз төлөшүп, ошол акчалар менен биз дагы бир чоң турак жай комплексин куруу мүмкүнчүлүгүн алдык. Маликов көчөсүндөгү турак үйдү жазында муктаж болгондорго тапшырабыз. 2025-жылдын биринчи кварталында Маликов көчөсүнөн 476 батир ал эми Айтматов көчөсүнөн 612 батир үй ээлерине тапшырылат", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүндө.