Прокуратура "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролёрун кармады

УКМКнын Чек ара кызматындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролёру Н.Р. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдалгандай, ал Аскер прокуратурасы тарабынан кызматтык милдетин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын тапшырмасын аткарбастан оор кылмыш боюнча шектүүнү чек арадан өткөрүп жиберген делип кармалган.

Учурда кызматкер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан