Чеченстандык мушкер кызды кайрадан топ адамдар сабап кетти

Швейцарияда чеченстандык мушкер Аминат Элбукаевага кол салуу болду. Бул тууралуу мушкер кыз өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Мушкер кыздын айтымында, кол салуу ал машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. Анда ал жолдо келе жатканда эле белгисиз адамдар артынан башка катуу уруп, жыгылганда аны белгисиз адамдар башка, бетке тепкилешкен. Мындан улам ал эс-учун жоготкон.

Бул кол салуудан кийин кыздын көрүүсү 50 пайыз эффективдүүлүгүн жоготкон.

Бул чеченстандык мушкер кызга жарым жылдын ичинде экинчи кол салуу. Буга чейин 2024-жылдын июнь айында кызды беш киши сабап салган. Кыздын досунун айтымында, кол салгандар спортчуга чечен блогеринен "салам" айтышкан.

Кол салгандардын агрессиясына кыздын “аял эмес спорт" түрү менен машыгып, кыска шорты кийип жүргөнү себеп болгон. Анда кыздын баш мээси чайкалып, майда сыныктарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан