Татарстандын Малореченское айылында жумушчулар убактылуу жашаган үйдөн өрт чыгып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт учурунда бөлмөдө 39 адам болгон, анын ичинен 33 адам өз алдынча чыгып кеткени, алардын бири жабыркаган. Ошол эле учурда өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчүлөр 6 адамдын сөөгүн табышкан.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, өрт жыгачтан жасалган казармада болгон, окуя болгон учурда ал жерде Өзбекстандын 39 жараны жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.
Бул факты боюнча төрт кылмыш иши козголду.