Бүгүн, 24-декбарда мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте 510 ипотекалык батирдин ачкычын өз ээлерине тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда Жапаров турак жай комплекси курулган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү мекеме жайгашканын эске салып, анын тегерегинде айтылган сөздөргө комментарий берген.
"Абак деген абак, өзүнүн сүрү бар. Кандай болгон күндө дагы борбор калаабызга шаң тартуулай албайт. Ошондуктан түзөтүү мекемесин шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай курууну мерчемдеген элек. Ал арада ар кандай сөз чыгарышып, "абактын ордуна үй курулуп жатат" деп ар нерсени жоромолдогондор болду. Урматтуу үй ээлери, абакты бул жакка коёлу, азыркы жашап жаткан үйлөрүңөрдүн таман астында Адам атадан бери санасак миңдеген адамдардын сөөктөрү жатат. Эгер чындап келсе дүйнө жүзүндө, тоолорду кошпогондо, түз жерлерде таза жер жок.
Зулкарнайн деген пайгамбарыбыздын көзү өткөн мезгилде эле "адам коюлбаган таза жерге коёбуз" дешип, таза жер издеп табышкан эмес. Кай жер болбосун адамдардын сөөктөрү коюлган болуп чыккан. Ал эми Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 120 миллиард адам бул дүйнөдөн өтүптүр. Анын баары бир эле жерге коюлган жок да. Азыр бүгүнкү күндө биринин үстүнө экинчисин, экинчисинин үстүнө үчүнчүсүн койгон өлкөлөр бар. Сөөктөрдү бир чекесине жылдырып коюп коё беришет.
Ошондуктан биз бул кичи районду жакшылыкка жоруп, келечек муундарга түрмөлөрдү эмес, жаркыраган турак жайларды куруп берип кетели деп атын да "Мурас" деп койдук. "Мурастын" үйлөрүнөн балдардын күлкүсү жаңырып, бул чөлкөмгө жан кирип, шаарыбызды көрккө бөлөйт деген үмүттөмүн", - деген ал.
Өлкө башчысы бүгүнкү берилип жаткан үйлөр жалпы 4700 батирди камтыган ири долбоордун бир гана бөлүгү экенин кошумчалады.