Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин Трудовая көчөсүндө дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага шаар бышчысы Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана JICA эл аралык япон агенттигинин Бишкек кеңсесинин жетекчиси Хироюки Кавамото катышып, куттуктоолорун билдиришкен.
Белгиленгендей, комплекс эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1756 чарчы метрди түзөт. Анда процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, гардероб жана душ кабиналары, кийим чечүүчү жайлар, телескопиялык трибуналар, күрөш залы, машыгуу залы, машыктыруучулардын кабинети, жетекчилик үчүн бөлмөлөр жана санитардык түйүндөр бар.