Красноярск аймагындагы Р-255 Сибирь федералдык трассасында кырсыктан кийин эки жүк ташуучу унаа өрттөнүп, жолду толугу менен тосуп калган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгы Telegram каналына билдирди.
Федералдык трассадагы кыймылды толугу менен жаап салган кырсык Р-255 Сибирь автожолунун 961-чакырымында болгон. Ал жерде эки жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып, оор жүк ташуучу унаалар күйүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Ведомство тараткан кадрларда кара түтүн асманга көтөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын күйүп жатканын көрүүгө болот.