Бишкекте бир катар уурулукка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-декабрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө бир жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү №40 каттамдагы коомдук транспорттон телефонун уурдатып ийгенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 31 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турары аныкталган.
Аны текшерүү учурунда жанынан бир нече телефон табылган. Шаардык милиция учурда телефондордун ээлерин жана шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.