Ош облустук төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 17-декабрда Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1997-жылы туулган Нодирабегим Сабирджанова аттуу тургуну операция жолу менен үч эмди жарыкка алып келген.
Ымыркайлар 2 килограмм 400 грамм (кыз), 2 килограмм 400 грамм (эркек), 2 килограмм 300 грамм (эркек) салмакта төрөлгөн.
“Учурда ымыркайлардын абалы жакшы. Убактысына жетпей, ара төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.