Түркия Сириянын жаңы бийлигине 300 миң кишилик армия түзүүгө жардам берет

Сириянын жаңы жетекчилигинин өкүлү генерал Ахмед Осман бир жарым жылдын ичинде 300 миң кишилик армия түзүү керек экенин айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, өлкөнүн ичиндеги оор кырдаал жана Израилдин коркунучу муну зарыл кылууда.

Ал түшүндүргөндөй, алгачкы этапта 70-80 миң адамдан турган куралдуу күчтөрдүн негизи түзүлүп, эң кыска мөөнөттө алардын саны 150-200 миңге жетет. Идлибден Хаят Тахрир аш-Шам тобу, СНАнын (Түркия колдогон Сирия элдик армиясынын) 50 миң жоокери, ошондой эле аскер кызматкерлерден турат.

Ахмед Осман Түркиянын бул этапта аскердик колдоосу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан