Орусиянын президенти Владимир Путин Белгород облусунун Шебекино шаарында жашаган он жаштагы Маргарита аттуу кыздын жаңы жылдык кыялын орундатты. Бул тууралуу Кремль кабарлады.
Путин мектеп окуучусунун учкуч болуу кыялын орундаткан.
Маргарита үчүн учкучтарды окутууга даярдалган Superjet 100 учагынын кабинасына экскрусия уюштурулган. Ошондой эле ал учкучтар үчүн даярдалган окуу учагын башкарган. Тагыраагы ал учуу жана конуу, анын ичинде авариялык кырдаалда, сутканын ар кандай убагында жана ар кандай аба ырайы шартында симуляцияланган учакты башкарган.
Мындан тышкары, Путин кыз үчүн Москва облусунун аймагына учуу үчүн тик учакты уюштуруп берген.