Эдил Байсалов Олимпиада оюндарына даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2028-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анджелес шаарында өтө турган 34-Олимпиада оюндары жана 18-Паралимпиадалык оюндарга карата даярдыктарды талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда ушул жылы Парижде өткөн 33-жайкы Олимпиада оюндарындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууланды.

Париж Олимпиадасына дүйнөнүн 206 өлкөсүнөн 10 миңден ашык спортчу катышып, Кыргызстан 16 спортчусу менен 206 өлкөнүн ичинен медалдык эсеп боюнча 68-орунга ээ болду. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду ээледи. Катышкан 16 спортчубуздун алтоо байге менен кайтып келип, барган спортчулар менен жеңген медалдарынын катышы боюнча биздин өлкө 206 мамлекеттин сап башында турду”, - деди Эдил Байсалов.

Жыйындын жыйынтыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментине алдыдагы оюндарга даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан