Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербургга барды 

Бүгүн, 24-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө башчыны шаар губернаторунун орун басары Олег Эргашев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Анда Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

"ЖЕЭК жыйынында ЕАЭБдин жылдык ишинин жыйынтыктары чыгарылып, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга кол коюлат. КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунда 2024-жылдагы кызматташуу жыйынтыктары чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан