Орусиялык бизнесмен Алла Пугачёваны бир өлүмдөн алып калганын айтты

Орус ырчылары Алла Пугачёва менен Мария Распутинага 90-жылдары олуттуу адамдар кол салууну буюрушкан. Бул тууралуу "Пусть говорят" берүүсүндө ишкер Геннадий Снустиков айтты.

Снустиковдун айтымында, артисттерди өлтүрүүгө олуттуу адамдар буйрутма беришкен. Бирок ал бул жагдайдын себептерин ачыктаган жок.

"Андан кийин Маша Распутина менен Алла Пугачёванын жашоосу чечилди. Олуттуу адамдар "биз аларды бүгүн өлтүрөбүз" дешкен. Анан мен кийлигишип, мындай болбойт деп аларды токтотком. Ошондон кийин алар бул оюнан кайтышкан", - деген ал.

Геннадий Снустиков 1990-жылдары кылмыш чөйрөсү менен эстрада жылдыздарынын ортосунда көпүрө болгон десек болот. Ал ошол жылдары Орусиянын атактуу ырчылары маселесин чечип берүү үчүн көп жолу кайрылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан