
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Алтынбек Максүтов Азербайжандын маданият министринин орун басары
Мурад Фарид оглы Гусейнов менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында айтылат.
24-декабрда өткөн жолугушууда тараптар маданият жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, маданий алмашууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жалпы тарыхый-маданий мурастарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Максүтов эки элдин маданий байланышын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.