Бүгүн, 25-декабрь Бишкектин айрым турак үйлөрүндө жылуулук жана ысык суу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 08:30дан 18:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү 6-кичи районундагы кээ бир үйлөрдө убактылуу токтотулат.
Токтотуу төмөнкү даректерге тиешелүү:
6-кичи райондун 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41-үйлөрү жана №44, №84 бала бакчалары ошону менен катар №56 орто мектеп.