2025-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстан менен Казакстан расмий түрдө БРИКСтин өнөктөш өлкө статусун алышат. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин ТАСС басылмасы маалымдаган.
Маалымдалгандай, БРИКСтин жаңы өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине Өзбекстан менен Казакстандан тышкары Беларусь, Боливия, Индонезия, Куба, Малайзия, Таиланд жана Уганда кирди. Жалпысынан 13 мамлекетке чакыруу жөнөтүлгөн, Орусия дагы төрт өлкөдөн жооп күтүп жатат.
БРИКСтин өнөктөш өлкөлөрүнүн категориясын түзүү чечими 2024-жылдын октябрында Казанда өткөн саммитте кабыл алынган. Ушаковдун айтымында, саммиттин алдында ассоциацияга 35 өлкөдөн кошулуу өтүнүчү келип түшкөн.
Өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү БРИКС саммиттеринин жана тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын алкагындагы жеке жолугушууларга, ошондой эле ассоциациянын башка иш-чараларына катышуу үчүн чакырылат.
Маалымат үчүн: БРИКС – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, БАЭ, Иран, Египет жана Эфиопия сыяктуу 9 мамлекеттин бирикмеси. Уюм 2006-жылы июнь айында түзүлгөн. Акыркы блоктун кеңейиши 2024-жылдын 1-январында болгон.